Британиялык ишкерлер Кыргызстандын экономикалык туруктуулугуна оң баа берди

Экономика Загрузка... 26 Февраль 2026 10:00
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous
copyright icon ТИМ

Бишкек, 26.02.26. /Кабар/. Күн мурун тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев Улуу Британиянын Лондон шаарында кыргыз-британ Ишкердик кеңешинин кезектеги жыйынына катышты. Бул тууралуу ТИМден билдиришти.

Иш-чарага Кыргызстандын тиешелүү министрликтеринин, Улуттук банктын, Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын өкүлдөрү жана эки өлкөнүн ири компанияларынын жетекчилери катышты.

Жыйында министр Кыргызстандын экономикасы туруктуу өсүп жатканын белгилеп, 2025-жылдын жыйынтыгы менен ИДП 11,1 пайызга жогорулаганын билдирди. Мындай көрсөткүчкө түзүмдүк реформалар, инвестициялык климаттын жакшырышы жана ири долбоорлордун ишке ашырылышы аркылуу жетишилди.

Ошондой эле ал Кыргызстан Улуу Британия менен өнөктөштүктү өнүктүрүүгө өзгөчө маани берерин баса белгиледи. Бул контекстте консалтинг, өндүрүш, жаратылыш ресурстары, банк тармагы жана евробонддорду чыгаруу жаатындагы ийгиликтүү өз ара аракеттенүү белгиленип, мындан аркы кызматташтыктын артыкчылыктуу багыттары катары энергетика, транспорт, логистика, маалыматтык технологиялар, айыл чарба жана туризм, анын ичинде заманбап тоо-курорттук комплекстерди куруу сунушталды.

Министр мамлекеттик органдар менен бизнес чөйрөсүнүн ортосундагы өз ара аракеттенүүнүн маанилүүлүгүн белгилеп, британ өнөктөштөрүнүн чөйрөсүн кеңейтүү жана потенциалдуу инвесторлорду тартуу зарылдыгын айтты. Кыргыз тарап британ бизнеси үчүн ишенимдүү жана туруктуу өнөктөш болууга даяр экенин өзгөчө белгиледи.

Өз кезегинде британдык ишкерлер Кыргызстандын экономикалык туруктуулугун оң баалап, кызматташууга кызыкдар экендиктерин билдиришти. Ошондой эле тараптар ортосундагы ишенимдүү диалогду жана өнөктөштүктүн келечегин баса белгилешти.

Британ тарап Кыргызстанды ишенимдүү жана келечектүү кызматташтык жана инвестиция багыты катары башка чет өлкөлүк компанияларга жана ишкер чөйрөлөргө сунуштоого даяр экенин билдирди.