Бостериде суучулдар көлдүн түбүнөн 1,3 тоннага жакын таштанды чыгарды

Аймак 10 сентябрь 2026 20:40
Бостериде суучулдар көлдүн түбүнөн 1,3 тоннага жакын таштанды чыгарды
copyright icon Суучулдар кызматы

Бишкек, 10.09.26. /Кабар/. Бүгүн Суучулдар кызматынын суучулдары тарабынан Ысык-Көлдүн Бостери айылындагы ”Алтын кум” эс алуу жайынын акваториясында суу астын тазалоо иштери жүргүзүлдү.

Иш-чаранын жүрүшүндө көлдүн түбүнөн болжол менен 1 200-1 300 килограмм ар кандай таштанды чыгарылды.

Тазалоо иштери Ысык-Көлдүн акваториясын таза кармоо жана эс алуучулар үчүн коопсуз шарттарды камсыз кылуу максатында жүргүзүлдү.