Борбордогу көп кабаттуу үйдүн курулушунда кемчиликтер аныкталды

Коом Загрузка... 08 Июнь 2026 17:40
2.jpg
copyright icon Курулуш министрлиги

Бишкек, 08.06.26. /Кабар/. Бишкекте көп кабаттуу турак үйдүн курулушунда бир катар кемчиликтер аныкталды. Бул тууралуу Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигинен билдиришти.

Мамлекеттик архитектура-курулуш контролдоо департаменти тарабынан жүргүзүлгөн көзөмөл иштеринин алкагында Матыев көчөсү 21 жана 21/1 даректеринде жайгашкан 17 кабаттуу турак үйдүн курулушунда бир катар мыйзам бузуулар аныкталды.

Тактап айтканда:

  • объекттин дарбазасы курулуштун башкы планына ылайык орнотулган эмес;
  • дөңгөлөктөрдү жуу пункту уюштурулган эмес;
  • казылган котлован коопсуздук талаптарына ылайык тосулган эмес;
  • А" блогундагы котлован долбоорго ылайык бекемделген эмес;
  • объекттин курулуп бүткөн этаптары боюнча аткаруу документтери тапшырылган эмес.
“Натыйжада курулуш иштерин жүргүзүп жаткан "Кап Строй Кей Джи" ЖЧКсына карата акт түзүлүп, жазуу түрүндө эскертүү берилди. Ошондой эле департамент тарабынан аныкталган мыйзам бузууларды белгиленген мөөнөттө жоюу талабы коюлду”, – деп айтылат маалыматта.