Борбордогу экспресс каттамдар: 300 миң сом накталай эмес төлөндү

Коом Загрузка... 29 Декабрь 2025 12:55
WhatsApp Image 2025-12-29 at 11.27.58 (2).jpeg
copyright icon Кабар Кабар

Чолпон Жумалиева

Бардык материалдар

Бишкек, 29.12.25. /Кабар/. 2025-жылы Бишкек-Ала-Арча жана Бишкек – “Манас” аэропорту” экспресс каттамдарынан 300 миң сомдон ашык жол кире накталай эмес төлөм менен төлөндү. Бул тууралуу “Тулпар” долбоорунун операциялык ишмердүүлүгү боюнча директору Бекжан Акматбеков “Кабар” маалымат агенттигинде өткөн маалымат жыйынында билдирди.

Анын айтымында, Бишкек шаарында экспресс каттамда ушул эки маршрут бар.

“Биринчиси Бишкек - Ала-Арча, экинчиси Бишкек – “Манас” аэропорту каттамдары боюнча да жыйынтыктарды чыгардык. Бул экспресс каттамдар боюнча 307 миңден ашык жол кире накталай эмес төлөндү. Мында жүргүнчүлөр транспорттук карталарды, банк карталарын, QR-код жана ошондой эле “Тулпар” тиркемеси менен төлөмдөрдү жүргүзүшкөн”,- деди Акматбеков.

Ошондой эле жыл ичинде берилген транспорттук карталар тууралуу маалымат берилди.

“Транспорттук карталардын таратылышы боюнча айтсак, ушул жылы 24 миң 561 мектеп картасы берилген. Пенсионерлер жана мүмкүнчүлүгү чектелген жарандар үчүн 20 миң 656 жеңилдетилген карта, ал эми 90 миң 554 стандарттык көк түстөгү карталар берилген”, - деди ал.