Ак карга оронгон Бишкек: Шаар көчөлөрүн 80ден ашык техника тазалоодо

Коом 393 11 Март 2026 09:45
WhatsApp Image 2026-03-11 at 09.15.08 (5).jpeg
WhatsApp Image 2026-03-11 at 09.15.08 (4).jpeg
WhatsApp Image 2026-03-11 at 09.15.08 (3).jpeg
WhatsApp Image 2026-03-11 at 09.15.08 (2).jpeg
WhatsApp Image 2026-03-11 at 09.15.08 (1).jpeg
WhatsApp Image 2026-03-11 at 09.15.08.jpeg
Алдыга
Артка

copyright icon Бишкек мэриясы

Бишкек, 11.03.26 /Кабар/. “Тазалык” муниципалдык ишканасы шаардын аймагында кар тазалоо жана жолдорго туз себүү иштерин улантууда. Бул тууралуу Бишкек мэриясынан билдиришти.

Маалыматта белгиленгендей, тазалоо иштери 11-мартка караган түнү башталган. Жолдордо муз пайда тоңушунун алдын алуу максатында 581 тонна техникалык туз колдонулду

Учурда төмөнкү техникалар иштеп жатышат:

  • “МАЗ” кум-туз чачуучу унаа – 32 даана;
  • “Shacman” кум-туз чачуучу унаа – 10 даана;
  • Фронталдык жүктөгүч – 1 даана;
  • Экскаватор – 1 даана;
  • “Беларусь” тракторлору – 32 даана;
  • Универсалдуу коммуналдык машиналар (УКМ) – 5 даана.

Мындан тышкары, иштерге 20 жол жумушчусу жана миңден ашуун санитардык тазалоо кызматкерлери тартылган.