Бишкек, 11.11.25. /Кабар/. Борбор калаада темир торлор калыбына келтирилди.
Мэриядан билдиришкендей, “Бишкекасфальтсервис” шаардагы ачык темир торлорду жабуу иштерин жүргүздү.
Ишкананын бригадалары төмөнкү даректерде темир торлорду орнотту:
- Миңбулак кыска көчөсү 17;
- Щербаков көчөсү 158;
- Орозбеков жана Васильев көчөлөрүнүн кесилиши;
- Бөкөнбаев жана Коенкөзов көчөлөрүнүн кесилиши;
- Жаманбаев жана Кудайбергенов көчөлөрүнүн кесилиши;
- Жунусалиев жана Гагарин көчөлөрүнүн кесилиши;
- Алтымышев жана Красная көчөлөрүнүн кесилиши ж.б.
Белгиленгендей, айрым торлор бир нече жолу уурдалган, бул кошумча чыгымдарды жана жол коопсуздугуна коркунуч жаратат.
Муниципалитет шаар тургундарынан мүлктү сактоого жана шаарга зыян келтирбөөгө чакырат.