Борбор калаада шахмат боюнча өлкө биринчилиги өттү

Спорт Загрузка... 24 Февраль 2025 16:00
{{ item.title }}
{{ item.title }}
{{ item.title }}
{{ item.title }}
Next
Previous
copyright icon Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агентигинин басма сөз кызматы

Бишкек, 24.02.25. /Кабар/. 13-23-февраль күндөрү Бишкектеги Исхак Раззаков атындагы Кыргыз мамлекттик техникалык университетинде кыз-келиндер жана эркектер арасында шахмат боюнча өлкө биринчилиги болуп өттү.

Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинен билдиришкендей, мелдешке республиканын бардык аймактарынан келген 92 спортчу катышты.

Жеңүүчүлөргө Спорттун Олимпиадалык эмес түрлөрү боюнча дирекциясы тарабынан тиешелүү даражадагы диплом жана медалдар тапшырылды.

Жеңүүчүлөрдүн тизмеси:

Эркектер арасында:
1-орун IM Элдияр Орозбаев – 9 упай;
2-орун IM Асылбек Абдыжапар – 9 упай;
3-орун IM Семетей Тологон тегин – 9 упай;
Кыз-келиндер арасында:
1-орун WFM Бегимай Заирбек кызы - 7,5 упай;
2-орун WFM Нурай Советбекова - 7 упай;
3-орун WCM Айжан Сездбекова - 6,5 упай.
Жаштар арасында (U-20 ):
IM Элдияр Орозбаев;
CM Руслан Момуналиев;
Тилекматали Сулайманов.
Кыздар арасында (U-20 ):
Нурай Советбекова;
Айжан Сездбекова;
Бегимай Жаныбекова ;
Спорт сүйүүчүлөр арасында:
Тилекматали Сулайманов ;
Залкар Курбанбаев;
Байзак Нуров;
Нурэлина Турсуналиева;
Жибек Сагынбеков;
Айжан Сабырбекова.












Все реакции:
22