Бишкек, 16.10.26. /Кабар/. Ош шаарында шахмат боюнча ардагерлер арасындагы Азия чемпионаты башталды.
Муниципалитеттен билдиришкендей, мелдешке Азиянын 11 өлкөсүнөн 74 шахматчы катышууда.
16-октябрда чемпионаттын салтанаттуу ачылыш аземи өттү. Ага Ош шаарынын мэри Жанарбек Акаев жана Кыргыз шахмат союзунун президенти катышты.
Кыргызстанда алгачкы жолу өтүп жаткан чемпионат 25-октябрга чейин уланат. Катышуучулар 50 жаштан жогорку жана 65 жаштан жогорку эркектер, аялдар категорияларында күч сынашат.
Мелдеш Ош шаардык мэриясынын колдоосу менен Кыргыз шахмат союзу жана Ош облусунун шахмат федерациясы тарабынан Азия шахмат федерациясынын жана ФИДЕнин алкагында уюштурулууда.