Фрунзе музейинде жаш шахматчылар күч сынашат

Спорт 16 сентябрь 2026 16:40
Фрунзе музейинде жаш шахматчылар күч сынашат
copyright icon WWW

Бишкек, 16.09.26. /Кабар/. 19-сентябрда Бишкек шаарындагы М. В. Фрунзенин Мемориалдык үй-музейинде М. В. Фрунзенин элесине арналган II шахмат турнири өтөт.

Маданият министрлигинен билдиришкендей, турнирге Бишкек шаарындагы мектептердин жана жогорку окуу жайлардын окуучулары, ошондой эле жаш шахматчылар — аталган шахмат клубу жана борбордун мүчөлөрү катышат.

Мелдештин жүрүшүндө катышуучулар шахматтагы чеберчилигин көрсөтүү менен бирге логикалык жана стратегиялык ой жүгүртүү, көңүл топтоо, чыдамкайлык жана туура чечим кабыл алуу көндүмдөрүн сынашат.

М. В. Фрунзенин Мемориалдык үй-музейинде шахмат турнирин өткөрүү тарыхый эстутумду, маданиятты, билим берүүнү жана интеллектуалдык спортту айкалыштырган жакшы салтты улантууда.

Музей жаш муундар үчүн тарыхый мурасты таанытуучу жай катары гана эмес, билим берүү жана маданий баарлашуу үчүн ачык мейкиндик катары да кызмат кылат.