Борбор калаада газ качан жана кайсы көчөлөрдө өчүрүлөт?

Коом 15 июнь 2026 16:45
Борбор калаада газ качан жана кайсы көчөлөрдө өчүрүлөт?

Бишкек, 15.06.26. /Кабар/. Бишкектин айрым жерлеринде үч күн газ болбойт.

"Бишкекгаз" кызматынан билдиришкендей, төмөнкү басымдагы жер астындагы газ өткөргүчтөрүндө оңдоо иштерин жүргүзүүгө байланыштуу 16-18-июнь күндөрү төмөнкү көчөлөр менен чектелген аймактарда жаратылыш газы убактылуу өчүрүлөт:

  • ЧЧК, Коммунаров көчөсү, Жаз көчөсү, Алтын-Бешик көчөсү, Мыскал көчөсү, Мидин көчөсү, Насыйкат көчөсү;
  • Хмельницкий көчөсү, КЧК, Новосельская көчөсү, Аул көчөсү, Широкий көчөсү.

"Бишкекгаз" кызматы түзүлгөн ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайт жана абоненттерге жаратылыш газы өчүрүлгөн мезгилде энергиянын алтернативдүү булактарын колдонууну сунуштайт.