Муниципалдык кызматкерлер үчүн диний экстремизмдин алдын алуу боюнча окутуу өттү

Коом Загрузка... 20 Май 2026 15:25
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous
copyright icon Бишкек мэриясы

Бишкек, 20.05.26. /Кабар/. Бишкек шаарында "Кыргызстандын аймагындагы диний экстремизм жана тыюу салынган экстремисттик жана террористтик уюмдар" темасында окутуу өттү.

Муниципалитеттен билдиришкендей, иш-чарага Октябрь жана Свердлов райондорунун Социалдык өнүктүрүү башкармалыктарынын кызматкерлери, ошондой эле Бишкек мэриясынын Социалдык өнүктүрүү департаментинин өкүлдөрү катышты.

Иш-чара Ички иштер министрлигинин Экстремизмге жана мыйзамсыз миграцияга каршы аракеттенүү кызматы тарабынан уюштурулду.

Семинардын жүрүшүндө катышуучуларга тематикалык презентация көрсөтүлүп, анда диний экстремизмдин алдын алуу маселелери, радикалдык көрүнүштөрдү аныктоо жана бөгөт коюу ыкмалары, жарандардын өлкөдө тыюу салынган уюмдарга тартылышынын белгилери, ошондой эле калк арасында маалыматтык-түшүндүрүү иштерин жүргүзүүнүн маанилүүлүгү талкууланды.

Мындай иш-чаралар муниципалдык кызматтардын кызматкерлеринин укуктук сабаттуулугун жана сергектигин жогорулатууга, ошондой эле коомдук коопсуздукту чыңдоого багытталган.

Окутуу алдыда борбор калаанын Ленин жана Биринчи май райондорунда да өткөрүлөт.