Борбор калаада №100 лицейдин 85 жылдыгы белгиленди

Коом 23 октябрь 2025 19:14
1761210231.jpg
1761210153 (1).jpg
1761210150 (1).jpg
1761210240.jpg
1761210236.jpg
1761210222.jpg
1761210219.jpg
1761210215.jpg
1761210211.jpg
1761210202.jpg
1761210199.jpg
1761210195.jpg
1761210192.jpg
1761210182.jpg
1761210179.jpg
1761210176.jpg
1761210172.jpg
1761210161.jpg
1761210156.jpg
1761210153.jpg
1761210150.jpg
Алдыга
Артка
1761210231.jpg
1761210153 (1).jpg
1761210150 (1).jpg
1761210240.jpg
1761210236.jpg
1761210222.jpg
1761210219.jpg
1761210215.jpg
1761210211.jpg
1761210202.jpg
1761210199.jpg
1761210195.jpg
1761210192.jpg
1761210182.jpg
1761210179.jpg
1761210176.jpg
1761210172.jpg
1761210161.jpg
1761210156.jpg
1761210153.jpg
1761210150.jpg
Алдыга
Артка
copyright icon Бишкек мэриясы

Бишкек, 23.10.25. /Кабар/. Борбор калаада №100 лицейдин 85 жылдыгына арналган салтанаттуу иш-чара болуп өттү.

Муниципалитеттен билдиришкендей, салтанаттын алкагында лицейдин аймагында жашыл энергетика боюнча окуу борбору жана кыргыз-түрк маданий борбору ачылды.

Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев иш-чарада сөз сүйлөп, экологиялык таза технологияларды өнүктүрүүнүн жана квалификациялуу кадрларды даярдоонун маанилүүлүгүн баса белгиледи.

"Бүгүнкү күндө Бишкек шаарында заманбап технологияларды ишке ашыруу иштери жигердүү жүрүп жатат. Өзгөчө, быйыл декабрь айында ишке киргизүү пландалган "жашыл" энергетиканын элементтери камтылган катуу тиричилик калдыктарын кайра иштетүүчү завод курулууда. Мындай долбоорлорду ишке ашыруу үчүн өлкөгө жаңы муундагы адистер абдан зарыл. Ошондуктан жашыл энергетика боюнча борбордун ачылышы — маанилүү жана өз учурунда жасалган кадам. Мындай борборлор башка лицейлерде да ачылат деп ишенем", - деди мэр.

Расмий аземден кийин коноктор жаңы борборлор менен таанышып, майрамдык концерттик программага күбө болушту.

Иш-чарага министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Данияр Амангелдиев, агартуу министри Догдуркүл Кендирбаева, Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев, Түркиянын Кыргызстандагы элчиси Мекин Мустафа Кемал Окем жана башка коноктор катышты.