Бишкекте Жаңы жыл түнү 300 автобус түнкү 2ге чейин иштейт – Капаров

Коом Загрузка... 24 Декабрь 2025 17:25
WhatsApp Image 2025-12-24 at 17.47.43.jpeg
copyright icon WWW

Акназик Тургунбаева

Бардык материалдар

Бишкек, 24.12.25 /Кабар/. Борбор калаада 1-январга караган түнү 300 автобус түнкү 2ге чейин иштейт. Бул тууралуу “Бишкек шаардык транспорт” муниципалдык ишканасынын директору Талант Капаров “Биринчи радионун” түз эфиринде билдирди.

Анын айтымында, Жаңы жыл күнү калаанын тургундары үчүн Ала-Тоо аянтында маданий иш-чаралар өтөт.

“Майрамдык кечеге келген жана жалпы шаар тургундарынын ыңгайлуулугу үчүн коомдук транспорттор штаттык режимде иштейт”,-деп белгиледи ал.