Борбор Азиядагы туруктуулук: ЕККУ баш катчысы Кыргызстандын салымын жогору баалады

Саясат Загрузка... 25 Март 2026 17:30
photo_5341377546316092313_y (1).jpg
copyright icon Президенттин басма сөз кызматы

Бишкек, 25.03.26 /Кабар/. Президент Садыр Жапаров бүгүн Европадагы коопсуздук жана кызматташтык уюмунун (ЕККУ) башкы катчысы Феридун Синирлиоглуну кабыл алды.

Кыргызстандын ЕККУ менен кызматташтыгын өнүктүрүү маселелери, ошондой эле биргелешкен демилгелерди ишке ашыруу үчүн уюмдун өлкөдөгү долбоордук ишмердүүлүгүн кеңейтүү мүмкүнчүлүктөрү талкууланды.

Жолугушууда Феридун Синирлиоглу Кыргызстандын демократияны өнүктүрүүдөгү жетишкендиктерин, ошондой эле парламенттеги жана жалпысынан саясаттагы аялдардын кеңири өкүлчүлүгүн баса белгиледи.

Мындан тышкары, Феридун Синирлиоглу Кыргызстандын коңшулаштык жана ишенимдүү мамилелерди курууга негизделген жана эл аралык укуктун принциптерин карманган тышкы саясатына токтолду. Буга байланыштуу ЕККУнун башкы катчысы президент Садыр Жапаровдун Борбор Азиядагы аймактык коопсуздукту жана кызматташтыкты камсыздоого кошкон салымын өзгөчө белгилеп өттү.