Борбор Азия өлкөлөрүнүн лидерлеринен үлгү алуу керек — Путин

Коом 22 декабрь 2025 09:45
Борбор Азия өлкөлөрүнүн лидерлеринен үлгү алуу керек — Путин
copyright icon ТАСС

Бишкек, 22.12.25. /Кабар/. Лев Толстой атындагы Тынчтык сыйлыгына ээ болгон Борбор Азиянын үч өлкөсүнүн лидерлери — Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров, Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон жана Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев — башкаларга үлгү болууга татыктуу. Мындай ишенимин сыйлыкты тапшыруу аземинде куттуктоо сөзү менен чыгып сүйлөп жатып Россиянын президенти Владимир Путин билдиргенин ТАСС жазды.

Мамлекет башчылары бул сыйлыкты 1990-жылдардан бери аталган өлкөлөрдүн ортосундагы мамилени курчутуп келген чек ара маселелерин жөнгө салгандыгы үчүн алышты.

"Бизде сыйлык ээлерин куттуктоого жакшы себеп бар. Сиздерден үлгү алабыз", — деди Путин.

Россиянын лидери лауреаттарга "тынчтыкка жана өз ара түшүнүшүүгө кызмат кылуу сыяктуу асыл миссияларында мындан аркы ийгиликтерди", ал эми Кыргызстан, Тажикстан жана Өзбекстандын элдерине "туруктуулук жана гүлдөп өнүгүү" каалады.