Борбор Азияда биринчи ирет "Долбоорлордогу финансылык башкаруу" окуу курсу ишке кирет

Коом Загрузка... 15 Октябрь 2025 18:20
WhatsApp Image 2025-10-15 at 18.16.16.jpeg

Бишкек, 15.10.25. /Кабар/. Финансы министрлигинин Финансы академиясынын базасында Дүйнөлүк банктын колдоосу менен "Долбоорлордогу финансылык башкаруу" темасындагы жаңы окуу курсу ишке киргизилди.

Ведомстводон билдиришкендей, аталган окуу курсу 2025-жылдын 20-23-октябры аралыгында өтүп, ага Кыргыз Республикасынын министрликтеринин жана ведомстволорунун долбоорлорду ишке ашырууга жооптуу бөлүмдөрүнүн 20 кызматкери катышат. Бул программаны кеңири масштабда ишке киргизүүгө карата алгачкы кадам болуп эсептелет.

Белгиленгендей, иш-чара Вашингтондо өткөн Дүйнөлүк банктын жылдык жыйындарынын алкагында уюштурулган жолугушууда макулдашылды. Жолугушууга Финансы академиясынын директору Эрке Турдумамбетова, Мамлекеттик сатып алуулар департаментинин директорунун орун басары Өмүрбек Сабиров, жана Борбордук Азия боюнча программалардын координатору Юлия Комагаева катышты.

Жолугушууда мамлекеттик жана эл аралык долбоорлорго тартылган адистердин кесиптик деңгээлин көтөрүү максатында аталган пилоттук курс тууралуу маселелер талкууланды.

Белгилей кетсек, бул демилге Борбор Азия чөлкөмүндө биринчи жолу жүзөгө ашырылып жатат.

Маалымат үчүн: Буга чейин, 2025-жылдын 26-29-майында Финансы академиясы Дүйнөлүк банктын колдоосу менен ушул эле темада тренинг өткөргөн. Ага Академиянын окутуучулары эле эмес, Өзбекстан менен Тажикстандан келген окутуучулар да катышып, бул аймактык кызматташтыкты өнүктүрүүнүн жана тажрыйба алмашуунун аянтчасы да болгон.