Бөкөнбаев көчөсүнүн бир бөлүгү жабылат. Себеби

Коом 1 май 2026 11:45
Бөкөнбаев көчөсүнүн бир бөлүгү жабылат. Себеби
copyright icon Бишкек мэриясы

Бишкек, 01.05.26 /Кабар/. 4-майдан 5-июнга чейин Бөкөнбаев көчөсүнүн Шопоков көчөсүнөн Үсөнбаев көчөсүнө чейинки бөлүгү убактылуу жабылат.

Муниципалитеттен билдиришкендей, бул убакта диаметри 300 мм болгон жылуулук тармагы алмаштырылат.

"Аталган тилкеде жайгашкан жылуулук тармактары 1984-жылдан бери пайдаланылып келе жатат, түтүктөрдүн  эскиршине байланыштуу тармактарды жаңыртуу талап кылынат", - деп айтылат маалыматта.

Бишкек мэриясы убактылуу ыңгайсыздыктарды түшүнүү менен кабыл алууну суранат жана киргизилген чектөөлөрдү эске алуу менен жол жүрүү каттамдарын алдын ала пландаштырууну сунуштайт.