Бизнести коргоо – артыкчылыктуу багыт: Ошто ишкерлер менен жолугушуулар өттү

Коом 327 03 Март 2026 09:38
1.jpg
644555259_1241813834804333_4756409557631186120_n.jpg
645420438_1241813828137667_1923775403494767990_n.jpg
645521427_1241813884804328_1621484229192826825_n.jpg
Алдыга
Артка
1.jpg
644555259_1241813834804333_4756409557631186120_n.jpg
645420438_1241813828137667_1923775403494767990_n.jpg
645521427_1241813884804328_1621484229192826825_n.jpg
Алдыга
Артка
copyright icon WWW

Бишкек, 03.03.26. /Кабар/. Ош облусунун прокуратура органдары тарабынан укук коргоо, фискалдык жана башка мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жана банк мекемелеринин жетекчилеринин катышуусунда ишкерлер менен жолугушуулар өткөрүлдү.

Башкы прокуратурадан билдиришкендей, жолугушууларда ишкердик субъекттердин укуктарын коргоо, бизнеске мыйзамсыз кийлигишүүгө жол берилбестиги белгиленип, мыйзам бузуу фактылары аныкталган учурда тиешелүү чаралар көрүлөрү маалымдалды.

Ошондой эле үстүбүздөгү жылдын аягына чейин пландан тышкаркы салыктык текшерүүлөргө тыюу салынганы түшүндүрүлдү.

Мындан тышкары, "Бизнес коргоо" мобилдик тиркемеси жана proverka.gov.kg маалыматтык системасы тууралуу маалымат берилип, жеңилдетилген насыялар жана салыктык жеңилдиктер боюнча түшүндүрмөлөр айтылды.

Жыйынтыгында ишкерлер өз суроолоруна жооп алышып, алардын мыйзамдуу укуктарын коргоо иши мындан ары да улантылары белгиленди.