Бишкек, 18.03.26. /Кабар/. Бизнес өнүкпөгөн өлкө түздөн-түз жакырчылыкка кептелет. Бул тууралуу Мамлекеттик салык кызматынын төрагасы Алмамбет Шыкмаматов Ошто ишкерлер менен жолугушууда билдирди.
Анын айтымында, президенттин "Ишкердик субъекттерге салык көзөмөлүн жүргүзүүгө убактылуу тыюу салууну (мораторий) киргизүү жөнүндө" жарлыгында ишкерлерге иш козгоо токтотулсун деп так кесе жазылган. Ошондон бери бир дагы ишкерге иш козголо элек.
"Азыр прокурорлор иш козгоого уруксат бербей калды. Иш козгош үчүн прокурордон уруксат сураш керек. Жарлыкта ишкерлерди ашыкча текшерүүнү токтотуу, өлкөдө бизнести өнүктүрүү, ишкерлердин жеке менчигине асылбоо талаптары коюлган. Бизнес өнүккөн мамлекетте эл бактылуу жашайт. Бизде кээ бир маалыматы жок адамдар ишкерлерди камаса “туура кылды” деп колдошот, бирок өздөрү отурган бакты кыркып жатканын түшүнүшпөйт. Бүгүн кол чаап жаткандар эртең жакырчылыкка кирет, эртең ал мамлекетте салыктар азайып, ишкерлер качып кетет", - деди ал.