Бишкек, 13.11.25. /Кабар/. Биз биргелешүү менен Азербайжан жана Борбор Азия өлкөлөрүнүн руханий мурастарын сактап кала алабыз. Бул тууралуу Жазуучулар союзунун төрагасы Каныбек Иманалиев Ташкентте өтүп жаткан эл аралык конгрессте айтты.
“Ташкент шаарынын Кыргызстан үчүн дагы тарыхый мааниси бар. Себеби, жүз жыл мурун кыргыз тилиндеги алгачкы гезит Ташкент шаарында басылып чыккан. Бул шаардан 1920-жылдары кыргыз интеллигенциясынын биринчи мууну билим алып, Жазуучулар союзунун негиздөөчүсү, Кыргыз эл акыны Аалы Токомбаев окуган.
Мындан жүздөгөн жылдар мурун Бухарада диний лидерлер билим алып, Рудаки, Махтумкули, Наваи, Физули, Абай жана Токтогул сыяктуу улуу жаратуучуларыбыз — бир тилде жазышкан.
Бүгүн биринчи жолу окумуштуулар, искусство, кино ишмерлери, агартуучулар, диний ишмерлер бир мындай аянтчада чогулуп отурабыз. Эмне үчүн биз бир болууга тийишпиз? Анткени бүгүн глобализация менен жасалма интеллекттин доору келип, алар кичи элдердин маданиятын тарытып, таптакыр жоголуу коркунучун да жаратууда. Борбор Азия жана Азербайжан өлкөлөрүнүн улуу руханий мурастарын биз биргелешип гана сактап кала алабыз. Биримдик аркылуу гана улуттун иденттүүлүгү жөнүндө сөз кылууга мүмкүн. Болбосо, залкар жазуучу Чыңгыз Айтматов айткандай, өздүгүн унутуу менен манкуртизмге жол ачылышы мүмкүн”,-деди ал.
Ошондой эле ал кийинки жолугушуу Ысык-Көлдүн жээгинде улантыларын белгилди. “Биздин президент 40-юбилейлик “Ысык-Көл форумун” өткөрүү жөнүндөгү жарлыкка кол койду. Биз дүйнөнүн бардык тарабынан, айрыкча Азербайжан жана Борбор Азия өлкөлөрүнөн конокторду күтөбүз. Максатыбыз — Чыңгыз Айтматов айтып кеткен руханий биримдик тууралуу баарлашуу”,-деди ал.
"Ошондой эле биз Бириккен Улуттар Уюмунун Башкы ассамблеясына Чыңгыз Айтматовдун 100 жылдыгын утурлай 2028-жылды “Айтматов жылы” деп жарыялоону сунуштадык. Себеби, бүгүн дүйнөдө тынчтык жок, цивилизациялардын кармашы күчөп жаткан учур. Ал эми Айтматов дал ошол цивилизациялардын өз ара түшүнүшүүсү жөнүндө жазган. Ошондой эле эмне үчүн биз БУУга кайрылдык? Анткени БУУнун негизги миссиясы — дүйнөдө тынчтыкты орнотуу. Учурда айрым өлкөлөрдө жаңжалдар болууда. Ал эми Айтматовдун чыгармалары — бул согушка каршы эң күчтүү курал болуп саналат. Өзгөчө “Саманчынын жолу” чыгармасындагы жер эненин образы — бул дүйнөдөгү бардык энелердин согушка каршы болгон кыйкырыгы. Демек, Айтматовду кайра-кайра окуу аркылуу биз бул жер жүзүндө тынчтыкты сактай алабыз”,-деди Каныбек Иманалиев.
Белгилей кетсек, учурда Ташкент шаарында “Борбор Азия: жалпы руханий жана агартуу мурасы — жалпы келечек” аттуу эл аралык конгресси өтүүдө. Иш-чарага Кыргызстан, Казакстан, Өзбекстан, Тажикстан, Түркмөнстан жана Азербайжан өлкөлөрүнөн 300дөн ашуун окумуштуулар, искусство таануучулар, адабиятчылар жана агартуу тармагынын өкүлдөрү катышууда