Бишкектин жаңыланган көчөлөрү. Жол курулуштары акыркы этапта

Коом Загрузка... 18 Ноябрь 2025 18:00
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous

Назира Кенжебекова

Бардык материалдар

Коомдун турмушунда унаа жолдор өзгөчө мааниге ээ. Жол инфраструктурасынын сапаты өлкөдөгү урбанизациянын деңгээлин гана чагылдырбастан, шаарлардын өнүгүү багытын да аныктайт. Бишкек шаарында акыркы жылдары бир катар көчөлөрдө жолдор кеңейтилип, капиталдык оңдоп-түзөөлөр жүргүзүлүүдө. Бул иштер шаар тургундарына ыңгайлуу шарттарды түзүп, транспорт агымын жөнгө салууга жана жол кыймылынын жалпы жүктөмүн азайтууга шарт түзүүдө.

Өлкөнүн бардык тармактарында жүрүп жаткан өнүктүрүү иштерин утурлай, Бишкек шаарынын борбордук көчөлөрүндө да оңдоп-түзөө иштери активдүү жүргүзүлүүдө. Быйылкы жылга карата 14 көчөнүн реабилитациясы, 5 жаңы көчөнүн жана 3 көпүрөнүн курулуштары пландалган. Бул иштер үстүбүздөгү жылдын март айында башталган.

Транспорт жана жол-транспорттук инфратүзүмдү өнүктүрүү департаментинин башкы адиси Мирлан Алыраевдин айтымында, быйыл борбор калаада жалпы 19 объектиде жол куруу жана оңдоп-түзөө иштери жүргүзүлүүдө. Алардын ичинен узундугу 19 чакырымды түзгөн 11 объектиде иштер толук аяктап, дагы 10,913 чакырымды түзгөн 8 объектиде иштер уланууда.

Ошол эле учурда төмөнкү жаңы көпүрөлөрдү куруу пландалган:

  • Ауэзов көчөсүндө ЖЭБ каналынын үстүнөн;
  • Жибек жолу проспектинде Аламүдүн дарыясынын үстүнөн;
  • ЧЧК аркылуу Шүкүров көчөсүн Медеров көчөсү менен бириктирүүчү көпүрө.
“Бүгүн Шүкүров менен Медеров көчөлөрүн бириктирген көпүрөнүн курулушу толук аяктап, пайдаланууга берилди. Аталган объектидеги иштер 7-июлда башталган. Калган эки көпүрөнүн курулушу күчүндө. Аларды жыл аягына чейин бүткөрүү аракеттерин жасап жатабыз.
“Бизге жалпысынан оңдоп-түзөөгө 14 көчө берилген. Азыр алардын баарында негизги жумуштар аяктады. Айрымдарында гана тротуар куруу сыяктуу майда-барат иштер жасалууда",-деди.
  • Медеров көчөсү: 7-Апрель – Панфилов көчөсүнө чейин - 2,82 км;
  • Жибек жолу көчөсү: Курманжан датка – Лермонтов көчөсүнө чейин – 1,8 км;
  • Жаш Гвардия бульвары: Бөкөнбаев - Жибек жолу проспектисине чейин – 1,9 км;
  • Шабдан баатыр көчөсү: Курманжан датка – Лермонтов көчөсүнө чейин – 1,7 км;
  • Лев Толстой көчөсү: Ибраимов – Калык Акиев көчөсүнө чейин - 3,34 км;
  • Бакаев көчөсү: Лев Толстой – Бөкөнбаев көчөсүнө чейин - 0,383 км;
  • Калинин көчөсү: Салиева - Жибек жолу кпроспектисине чейин - 0,383 км;
  • Абдумомунов көчөсү: Турусбеков – Калык Акиев көчөсүнө чейин - 0,58 км;
  • Фучик көчөсү: Москва көчөсүнөн - Аска Таш стелласына чейин - 3,2 км;
  • Ден Сяопин көчөсү: Фучик – Алыкулов көчөсүнө чейин – 4,5 км;
  • Лев Толстой көчөсү: Матыев -Фрунзе көчөсүнө чейин - 2,9 км;
  • Москва көчөсү – 1 км;
  • Ахунбаев көчөсү – 1,7 км;
  • Курманжан датка көчөсү – 1,5 км.

Булар жалпысынан алганда 28,356 чакырымды түзөт.

Башкы адистин айтуусу боюнча, мындан сырткары 5 жаңы көчөнүн курулушу пландалган.

“Быйылкы жылга пландалган 5 жаңы көчө жөнүндө айта турган болсок, Ахунбаев көчөсү - Достоевский көчөсүнөн баштап Ауэзов көчөсүнө чейин, Сухэ-Батор көчөсү – Курманжан датка көчөсүнөн Ауэзов көчөсүнө чейин жана ошол эле Ауэзов көчөсүн улантып куруу тапшырмасы коюлган болчу. Бул иштерди биз 2025-2026-жылдар арасы аягына чыгарууну пландап жатабыз. Үч көчөнүн узундугу биригип 12 чакырымды түзөт.
Ал эми калган эки көчө бүтүп, пайдаланууга берилген. Алар 1 чакырым узундуктагы Токтоналиев көчөсү – Түштүк магистралдан баштап Жаштар кварталына чейин жана Кара-Дарыя көчөсү – Медеров көчөсүнөн – Лев Толстой көчөсүнө чейин”,-деди ал.