Бишкек, 12.06.26 /Кабар. Бишкектин түштүгүндө төрт күн газ болбойт.
"Бишкекгаз" кызматы билдиргендей, орто жана төмөн басымдагы газ өткөргүчтөрүндө оңдоо иштерин жүргүзүүгө байланыштуу 16-19-июнь күндөрү төмөнкү көчөлөр менен чектелген райондо жаратылыш газы убактылуу өчүрүлөт:
Жукеев Пудовкин көчөсү, Токомбаев көчөсү, Сухе Батор көчөсү, Юнусалиев көчөсү, Безымянный көчөсү.
"Бишкекгаз" кызматы түзүлгөн ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайт жана абоненттерге жаратылыш газы өчүрүлгөн мезгилде энергиянын алтернативдүү булактарын колдонууну сунуштайт.