Бишкектин Түндүк айланма жолунун курулушу тыкыр көзөмөлгө алынды

Коом Загрузка... 03 Июнь 2026 11:45
copyright icon Курулуш министрлиги

Бишкек, 03.06.26. /Кабар/. Бишкектин Түндүк айланма жолунун курулушу тыкыр көзөмөлгө алынды. Бул тууралуу Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, Мамлекеттик архитектура-курулуш контролдоо департаменти аталган жолдун Алматы – Бишкек – Ташкент жана Бишкек – Балыкчы – Нарын – Торугарт бөлүгүн реконструкциялоого масштабдуу мониторинг жүргүздү.

Адистер жолдун узакка чыдашын жана айдоочулардын коопсуздугун камсыз кылуу үчүн төмөнкү 6 багытты ийне-жибине чейин текшерди:

  • иштердин долбоорго жана мамлекеттик стандарттарга шайкештиги;
  • колдонулуп жаткан курулуш материалдарынын сапат сертификаттары;
  • аткаруу журналдарынын жана техникалык документтердин туура жүргүзүлүшү;
  • жумушчулардын коопсуздук эрежелерин сактоосу;
  • айдоочулар үчүн убактылуу жол белгилеринин туура орнотулушу.
"Текшерүүнүн соңунда подряддык уюм "Чайна Роуд" компаниясына курулуш материалдарын өз убагында лабораториялык текшерүүдөн өткөрүп туруу жана сапатты туруктуу көзөмөлдөө боюнча катуу талаптар жана тиешелүү сунуштар берилди", - деп айтылат маалыматта.

Белгилей кетсек, реконструкцияланып жаткан жолдун жалпы узундугу 33,4 чакырымды түзөт.