Бишкектин түштүк кичи райондорунда 4 күн жаратылыш газы болбойт

Коом 22 июнь 2026 10:40
Бишкектин түштүк кичи райондорунда 4 күн жаратылыш газы болбойт

Бишкек, 22.06.26. /Кабар/. Бишкек шаарынын түштүк тарабында төрт күн жаратылыш газы берилбейт.

"Бишкекгаз" кызматы билдиргендей, орто жана төмөнкү басымдагы газ өткөргүчтөрүндө оңдоо иштерин жүргүзүүгө байланыштуу 23-июндан 26-июнга чейин төмөнкү көчөлөр менен чектелген аймакта жаратылыш газын берүү убактылуу токтотулат:

  • Жукеев-Пудовкин көчөсү;
  • Токомбаев көчөсү;
  • Сухэ-Батор көчөсү;
  • Юнусалиев көчөсү;
  • Безымянная көчөсү.

"Бишкекгаз" кызматы түзүлгөн ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайт жана абоненттерге жаратылыш газы өчүрүлгөн мезгилде энергиянын альтернативдүү булактарын колдонууну сунуштайт.