Бишкектин таштанды иштетүү тажрыйбасы Алматыны кызыктырды

Коом 12 Май 2026 09:40
694966100_1452020510307132_4674311974883679951_n.jpg
695475414_1452020506973799_2493181101786017168_n.jpg
695771242_1452020350307148_7106868235019751161_n.jpg
695808391_1452020583640458_4066174458384692717_n.jpg
696155944_1452020430307140_7540228840315193888_n.jpg
698372500_1452020386973811_4322089727255271977_n.jpg
698410231_1452020353640481_6575033077097009560_n.jpg
698473524_1452020426973807_1793017888579939317_n.jpg
698621609_1452020503640466_396203941774663155_n.jpg
Алдыга
Артка

copyright icon Бишкек шаарынын мэриясы

Бишкек, 12.05.26. /Кабар/. Алматы шаарынын акиминин орун басары Олжас Смагулов баштаган делегация Бишкек шаарындагы таштандыны кайра иштетүүчү заводдун ишмердүүлүгү менен таанышты. Бул тууралуу Бишкек шаарынын мэриясынан билдиришти.

Завод менен Бишкек шаарынын мэринин орун басары Рамиз Алиев тааныштырды. Иш сапардын жүрүшүндө делегация өкүлдөрү ишкананын өндүрүштүк кубаттуулугуна, катуу тиричилик калдыктарын сорттоо жана кайра иштетүүнүн өзгөчөлүктөрүнө күбө болушту.

Заводдун адистери учурда колдонулуп жаткан экологиялык чечимдер боюнча кеңири маалымат берип, калдыктарды башкаруунун натыйжалуу жолдорун тааныштырышты. Өзгөчө көңүл шаардык чөйрөнү таза сактоодо санариптик жана заманбап технологияларды киргизүүгө бурулду.

Жолугушуу эки өлкөнүн башкы шаарларынын экологиясын жакшыртуу жана туруктуу өнүгүү багытындагы тажрыйба алмашуу форматында жыйынтыкталды. Тараптар бул жаатта кызматташтыкты бекемдөө ниетин билдиришти.