Бишкектин Өскөн-Ордо конушуна 750 орундуу мектеп курулат

Коом Загрузка... 02 Февраль 2026 10:37
WhatsApp Image 2026-01-16 at 15.11.43.jpeg
copyright icon Кабар Жээнбек Сагыналиев

Бишкек, 02.02.26. /Кабар/. Бишкектин Өскөн-Ордо конушуна 750 орундуу жаңы мектеп курулат. Бул тууралуу Курулуш, архитектура жана турак жай коммуналдык чарба министрлигинен билдиришти.

Долбоорго ылайык, мектеп 3 кабаттуу бардык шарты менен салынат. Бүгүнкү күндө долбоордук-сметалык документтери даярдалып, курулуштун алгачкы этабы башталуу алдында турат.

Курулуш иштери республикалык бюджеттин эсебинен каржыланып, Курулуш министрлиги тарабынан ишке ашырылат.

Белгилей кетсек, президент Садыр Жапаровдун тапшырмасына ылайык, 2026-жылы Бишкек шаары боюнча жаңы 20 мектеп салынат.