Бишкектин мыкты энергетиктери мэриянын сыйлыктарына татыды

Коом Загрузка... 22 Декабрь 2025 14:04
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous
copyright icon Бишкек мэриясы

Бишкек, 22.12.25 /Кабар/. Бүгүн, 22-декабрда Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев борбор калаанын ЖЭБине барып, отун-энергетика тармагынын кызматкерлерин кесиптик майрамы менен куттуктады.

Муниципалитеттен билдиришкендей, шаар башчысы энергетиктердин талыкпаган эмгегинин аркасында Бишкек кышкы эң жогорку жүктөм маалында да жылуулук жана электр энергиясы менен туруктуу камсыздалып жатканын белгиледи.

"Ар бир үйдөгү жарык жана жылуулук - бул сиздердин күнүмдүк, жоопкерчиликтүү ишиңиздин натыйжасы", - деп баса белгилеген мэр, кесипкөйлүгү жана ишенимдүүлүгү үчүн командага ыраазычылык билдирди.

Тармактын эң мыкты кызматкерлери мэриянын ыраазычылык каттары жана ардак грамоталары менен сыйланышты. "Бишкекжылуулукэнерго" муниципалдык ишканасынын директору Улан Айтиев өзгөчө сыйлыкка татып, "КМШнын ардактуу энергетиги" төш белгиси менен сыйланды.

Ак ниет жана үзүрлүү эмгеги үчүн кызматкерлер Бишкек шаарынын мэриясынын Ардак грамотасы менен сыйланды