Бишкек мэри 2026-жылга коюлган негизги максаттарды тизмектеди

Коом Загрузка... 12 Февраль 2026 18:19
1770895106_large.jpeg
copyright icon Бишкек мэриясы

Бишкек, 12.02.26. /Кабар/. Биздин максатыбыз — Бишкекти заманбап, кооз, коопсуз жана ыңгайлуу шаарга айлантуу. Бул тууралуу шаар жетекчиси Айбек Жунушалиев бүгүн мэриянын коллегиясында билдирди.

Анда ал мэриянын 2026-жылга карата негизги максаттарын белгиледи.

"Шаарыбыз өнүгүп жатат жана биз чечүү зарыл болгон жаңы милдеттер жана кыйынчылыктарга туш болуп жатабыз. 2026-жыл — борбор калаа үчүн масштабдуу өзгөрүүлөрдүн жана жакшыртуулардын жылы. Биздин максатыбыз — Бишкекти тургундар сыймыктанган заманбап, кооз, коопсуз жана ыңгайлуу шаарга айлантуу", — деп белгиледи калаа башчысы.

Мэриянын быйылкы негизги багыттары:

  • жол тыгындарын азайтуу, жол инфраструктурасын өнүктүрүү жана шаардык инновацияларды ишке ашыруу;
  • турак жай жана мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн сапатын жакшыртуу;
  • социалдык инфраструктураны куруу;
  • башаламан курулуш, жөнгө салынбаган соода жана социалдык коргоо маселелерин чечүү;
  • экологияны жакшыртуу, ышты азайтуу жана туруктуу шаардык экосистеманы куруу.