Бишкек, 12.01.26. / Кабар/. 2005-жылы Бишкекте 87 чакырымдан ашык аба чубалгысы тартылган. Бул тууралуу Энергетика министрлигинен билдиришти.
Мекеменин маалыматына ылайык, аталган иштер Тынчтык, Арча-Бешик, Ак-Ордо, Жогорку Орок, Жеңиш, Балбан-Таймаш, Достук, Пригородное, Мраморное, Калыс-Ордо жана Мурас-Ордо конуштарында аткарылган.
Бул иш-чараларды аткаруу борбор калаанын электр тармактар инфраструктурасын модернизациялоодогу маанилүү кадам болуп саналат жана Энергетика министрлигинин тармакты өнүктүрүү боюнча стратегиялык милдеттерине ылайык келери белгиленет.