Бишкектин конуштары үчүн жаңы автобустар сатып алынат

Коом Загрузка... 16 Апрель 2026 17:35
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous

Бишкек, 16.04.26 /Кабар/. Бишкек мэриясы конуштар үчүн 625 даана чакан көлөмдөгү автобус сатып алууну пландап жатат. Бүгүн Zhong Tong жана Yutong үлгүсүндөгү эки автобустун жаңы түрлөрү сыноодон өткөрүлдү.

Мэриянын маалыматына ылайык, Zhong Tong үлгүсүндөгү автобус газ мотордук күйүүчү май менен иштейт, ал эми Yutong маркасындагысы электр энергиясы менен жүрөт. Узундугу 890 см болгон бул автобустар төмөн полдуу болуп, кондиционер системалары менен жабдылган жана майыптыгы бар жарандар үчүн ыңгайлаштырылган. Сыноонун жыйынтыгы менен жеткирүүчүлөрдү тандоо жана сатып алынуучу транспорттун техникалык мүнөздөмөлөрү боюнча акыркы чечим кабыл алынат.

Ошондой эле кийинки жумада Бишкекке кошумча дагы бир катар автобустардын түрлөрү кеңири салыштырма талдоо жүргүзүү үчүн алып келинери күтүлүүдө. Алар негизинен көчөлөрү тар конуштарда кызмат көрсөтүү үчүн пайдаланылат.