Бишкектин көчөлөрүндө айдоочуларды телефонго алагды болбоого чакырган видеолор көрсөтүлөт

Коом Загрузка... 07 Февраль 2025 16:31
copyright icon ЖКККББнын басма сөз кызматы

Бишкек, 07.02.25. /Кабар/. Бишкектин көчөлөрүндө айдоочуларды телефонго алагды болбоого чакырган видеолор көрсөтүлөт.

Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан билдиришкендей, айдоочуларды унаа башкаруу учурунда уюлдук телефондогу “WhatsApp”, “Instagram”, “Telegram” өңдүү социалдык тармактар жана мессенжерлерге алагды болбоого чакырган эскертүү видео тасмалар LED-экрандарга орнотулду.

Белгиленгендей, видеолор борбордогу 27 көчө кесилиштеринде жалпы 54 LED-экрандарга жайгаштырылды.

"Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы айдоочуларды унаа башкаруу учурунда уюлдук телефонго алагды болбоого чакырат",-деп айтылат маалыматта.