Авариялык өчүүлөр азаят: Бишкекте 9 ири көмөк чордондун кубаттуулугу жогорулайт

Коом Загрузка... 01 Июнь 2026 10:30
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous
copyright icon Энергетика министрлиги

Бишкек, 01.06.26 /Кабар/. Бишкек шаарында энергетикалык инфраструктураны жаңылоо жана калкты электр энергиясы менен үзгүлтүксүз камсыздоо максатында ири модернизациялоо иштери жүрүүдө. Бул тууралуу Энергетика министрлигинен билдиришти.

Бул иш-чаралар тарифтерден түшкөн каражаттардын эсебинен каржыланып, эскирген энергетикалык кубаттуулуктарды этап-этабы менен жаңылоого шарт түзүүдө. Учурда борбор калаадагы 581 даана жабдуу техникалык тейлөөдөн өткөрүлдү. Жалпысынан жыл аягына чейин 215 жабдууну капиталдык оңдоо жана 3219уна техникалык кызмат көрсөтүү пландалган.

Ошондой эле шаардагы электр энергиясына болгон өсүп жаткан суроо-талапты канааттандыруу үчүн 9 ири көмөк чордондун кубаттуулугу жогорулатылууда.

Алсак, "Берлик", "Батыш", "Тунгуч" жана "Кызыл-Аскер" көмөк чордондорундагы эски трансформаторлор кубаттуулугу кыйла жогору жаңы агрегаттарга алмаштырылса, "Мурас", "Ак-Кула", "Ынтымак", "Алтын-Казык" жана "Кыргызская" объектилерине ар бири 40 МВА болгон заманбап күч трансформаторлору орнотулууда.

Мындан тышкары, коопсуздукту жана узак мөөнөттүү ишти камсыз кылуу үчүн эскирген жабдуулар заманбап вакуумдук блоктук өчүргүчтөргө алмаштырылып жатат.

"Жүргүзүлүп жаткан реформалардын натыйжасында Бишкек шаарынын электр менен камсыздоо тутумунун ишенимдүүлүк деңгээли 85 пайыздан 95 пайызга чейин жогорулайт. Бул авариялык өчүрүүлөрдүн санын азайтып, алдыдагы күз-кыш мезгилинде тармактын туруктуу иштешине кепилдик берет",-деп айтылат маалыматта.