Бишкектин эки кичи районунда суу болбойт — Кабар

Бишкектин эки кичи районунда суу болбойт

Коом 3 август 2026 11:40
1785492112_large.jpeg
1785492032.jpeg
Алдыга
Артка
1785492112_large.jpeg
1785492032.jpeg
Алдыга
Артка
copyright icon Бишкек мэриясы

Бишкек, 03.08.26. /Кабар/. Бишкектин эки кичи районунда суу болбойт. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 4-августта саат 09:30дан тартып 5-август саат 02:00гө чейин борбор калаанын 3- жана 7-кичи райондорунда суу өчөт.

Суу у диаметри 400 мм болгон суу түтүгүн көчүрүү иштерине байланыштуу өчүрүлмөкчү.

Бишкек мэриясы жаралган ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайт жана шаар тургундарын, ошондой эле мекеме-уюмдарды алдын ала ичүүчү сууну камдап алууга чакырат.