Бишкектин чыгыш тарабында эки күн газ болбойт

Коом 21 ноябрь 2025 13:00
Бишкектин чыгыш тарабында эки күн газ болбойт

Бишкек, 21.11.25. /Кабар/. Бишкектин чыгыш тарабында эки күн газ болбойт.

"Бишкекгаз" кызматынан билдиришкендей, жер астындагы орто басымдагы газ өткөргүчүндө оңдоо иштерин жүргүзүүгө байланыштуу 24-26-ноябрь күндөрү төмөнкү көчөлөр менен чектелген райондо жаратылыш газы убактылуу өчүрүлөт:

Лермонтов көчөсү, ЧЧК, Биринчи май көчөсү, Бакай-Ата конушу.

"Бишкекгаз" кызматы түзүлгөн ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайт жана абоненттерге жаратылыш газы өчүрүлгөн мезгилде энергиянын алтернативдүү булактарын колдонууну сунуштайт.