Бишкектин четинде КРСУнун кампусу курулат

Коом 11 ноябрь 2025 12:50
Бишкектин четинде КРСУнун кампусу курулат
copyright icon Кабар

Бишкек, 11.11.25, /Кабар/. Бишкектин четинде Кыргыз-Россия Славян университетинин (КРСУ) кампусу пайда болот.

КРСУнун ректору Сергей Волков журналисттерге билдиргендей, учурда долбоордук документтер даярдалып, жер тилкесин бөлүп берүү маселеси чечилүүдө.

Анын айтымында, бул маселе Кыргыз-Россия өкмөттөр аралык комиссиясынын 26-жыйынынын жыйынтыгында чечилет.

Волков кампустун курулушун Россия каржылап жатканын кошумчалады.