Бишкектин бир катар көчөлөрүндө 3 күн газ болбойт

Коом 9 июнь 2026 16:25
Бишкектин бир катар көчөлөрүндө 3 күн газ болбойт

Бишкек, 09.06.26 /Кабар/. Бишкектин бир катар көчөлөрүндө 3 күн газ болбойт.

"Бишкекгаз" маалымдагандай, жер астындагы орто басымдагы газ өткөргүчүндө оңдоо иштерин жүргүзүүгө байланыштуу 10-12-июнь күндөрү төмөнкү көчөлөр менен чектелген райондо жаратылыш газы убактылуу өчүрүлөт:

  • Горький көчөсү,
  • Кара-Көл көчөсү,
  • Медеров көчөсү,
  • Ала-Арча дарыясы,
  • Малдыбаев көчөсү,
  • Токомбаев көчөсү,
  • Сухэ Батор көчөсү,
  • Н. Жетикашкаева көчөсү,
  • Каралаев көчөсү,
  • Кара Дарыя көчөсү.