Бишкек, 13.01.26. /Кабар/. Бишкекти 2050-жылга чейин өнүктүрүүнүн Башкы планын коомдук талкуулоо учурунда борбор калаанын тургундары Москва жана Пушкин көчөлөрүн жөө жүрүүчүлөр үчүн гана кылууну сунушташты. Шаардык мэрия бул демилге боюнча түшүндүрмө берди.
Муниципалитеттен Москва көчөсү бир тараптуу кыймылы бар жалпы шаардык маанидеги көчө болуп саналаарын жана Токтогул көчөсү менен байланышта болорун түшүндүрүштү. Москва көчөсүн автотранспорт үчүн жабуу — унаа агымынын башка көчөлөргө бөлүштүрүлүшүнө жана чектеш көчөлөргө күч келүүсүнө алып келип, натыйжада шаардын борбордук бөлүгүндө транспорттук абалды начарлатышы мүмкүн.
Ошол эле учурда Пушкин көчөсү Бишкек мэриясы менен тиешелүү чечим макулдашылган шартта, жөө жүргүнчүлөр аймагы катары каралышы мүмкүн экендигин белгилешти.