Бишкек, 13.01.26. /Кабар/. Бишкекти 2050-жылга чейин өнүктүрүүнүн Башкы планын коомдук талкуулоо учурунда шаар тургундарынан борбор калаада асма жол, жогорку ылдамдыктагы унаа жолу (автобан) жана көп кабаттуу унаа токтотуучу жайларды куруу боюнча сунуштар түшкөн. Мэрия ар бир суроо боюнча түшүндүрмө берди.
Муниципалитеттен автобандар боюнча түшкөн сунуштар эске алынарын белгилешти.
Ал эми асма жол боюнча мэрия транспорттун бул түрү көчөдөгү же жер алдындагы ылдам жүрүүчү жүргүнчү ташуучу системаларга альтернатива боло албастыгын түшүндүрдү. Мындай каттам бийиктиктердин айырмасы чоң болгон жерлерде же башка транспорттук жолдорду куруу экономикалык жактан натыйжасыз болгон табигый жана жасалма тоскоолдуктарды кесип өтүүдө гана натыйжалуу болот.
Шаар тургундары көп кабаттуу унаа токтотуучу жайлар боюнча куруучуларды ар бир кварталга бийик унаа токтотуучу жайларды салууну милдеттендирүүнү сунушташты. Алардын пикиринде, мындай объекттер көп орун ээлебейт жана соода борборлоруна же турак жайларга салыштырмалуу бетон каркастан гана тургандыктан көп каражатты талап кылбайт. Мисалы 10 миллионго жакын калкы бар Чикаго шаары келтирилди. Анда ар бир кварталдагы миңге чейин унаа баткан көп кабаттуу парковкалар көчөлөрдү баш аламан токтотулган унаалардан бошотуп, тыгындардын алдын алары айтылды.
Мэриянын жообу:
- Башкы план ири көп кабаттуу унаа токтотуучу жайларды адамдар көп чогулган жерлерде, негизинен базарлардын жанында жайгаштырууну карайт.
- Короо ичиндеги унаа токтотуучу жайлардын маселеси Башкы пландын алкагынан тышкары жана ал долбоорлоонун деталдуу пландарын иштеп чыгуу этаптарында чечилиши керек.
- Ошону менен бирге, калк жыш жайгашкан микрорайондордо жөө барууга мүмкүн болгон аралыкта көп кабаттуу паркингдерди куруу мүмкүнчүлүгүн карап чыгуу сунушталат. Мында жашыл аймактардын, балдар аянтчаларынын жана коомдук мейкиндиктердин балансын сактоо шарт.
Ошондой эле мэрия Бишкектеги бардык иштеп жаткан сейил бактарды жана тарыхый эстеликтерди сактап калууну, ошондой эле жашыл аймактардын жалпы аянтын көбөйтүүнү пландап жатат.