Бишкектин айрым жерлеринде 3 күн газ болбойт

Коом Загрузка... 27 Октябрь 2025 14:44
1758255138.1523944420.jpeg
copyright icon WWW

Бишкек, 27.10.25. /Кабар/. Бишкектин айрым жерлеринде 3 күн газ болбойт.

"Бишкекгаз" кызматынан билдиришкендей, орто басымдагы газ өткөргүчтөрүндө оңдоо иштерин жүргүзүүгө байланыштуу төмөнкү көчөлөр менен чектелген райондордо жаратылыш газы убактылуу өчүрүлөт:

  • Анкара көчөсү, Исакеев көчөсү, Ч.Валиханов көчөсү, Нурбашев көчөсү – 28-29-октябрь күндөрү;
  • ЧЧК, Профессор Зима көчөсү, Кудрук көчөсү, Журнальная көчөсү, Урицкий көчөсү, Жамбул тар көчөсү – 29-31-октябрь күндөрү;
  • Ч.Айтматов проспектиси, Л.Толстой көчөсү, Матыев көчөсү, Бакаев көчөсү, Гагарин көчөсү – 29-31 -октябрь күндөрү.

«Бишкекгаз» кызматы түзүлгөн ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайт жана абоненттерге жаратылыш газы өчүрүлгөн мезгилде энергиянын алтернативдүү булактарын колдонууну сунуштайт.