Бишкектин айрым жерлеринде 3 күн газ болбойт

Коом Загрузка... 03 Ноябрь 2025 14:24
газ-гот.jpg
copyright icon WWW

Бишкек, 03.11.25. /Кабар/. Бишкектин айрым жерлеринде 3 күн газ болбойт.

"Бишкекгаз" газ кызматы билдиргендей, жер астындагы орто басымдагы газ өткөргүчүндө оңдоо иштерин жүргүзүүгө байланыштуу 3-5-ноябрь күндөрү төмөнкү көчөлөр менен чектелген райондо жаратылыш газы убактылуу өчүрүлөт:

Чыңгыз Айтматов проспектиси, Л.Толстой көчөсү, Матыев көчөсү, Бакаев көчөсү, Гагарин көчөсү.

Белгиленгендей, иштер шаардын жолдор тармагын реконструкциялоо боюнча жумуштарга байланыштуу Бишкек мэриясынын демилгеси менен жүргүзүлүүдө.

"Бишкекгаз" газ кызматы өчүрүү учурунда альтернативдүү энергия булактарын колдонууну суранат.