Бишкектин айрым райондорунда суу өчөт: Даректер жана убактысы

Коом 5 июнь 2026 13:40
Бишкектин айрым райондорунда суу өчөт: Даректер жана убактысы

Бишкек, 05.06.26. /Кабар/. Бишкек шаарынын айрым аймактарында ичүүчү суу убактылуу өчүрүлөт. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 8-июнда саат 09:30дөн 18:00гө чейин турак жайларда, мектептерде, мектепке чейинки билим берүү мекемелеринде, саламаттыкты сактоо мекемелеринде жана башка социалдык жана өнөр жай объектилеринде ичүүчү суу берүү токтотулат.

Өчүрүү аймагы:

Байтик баатыр көчөсүнүн Иманалиев көчөсүнөн Лесхозная көчөсүнө чейинки тилкеси.

"Суу берүүнү токтотуу МИКтин катлованынан суунун агуусун аныктоо авариялык-издөө иштерин жүргүзүү зарылдыгына байланыштуу. Ичүүчү суунун пландуу жана авариялык өчүрүүлөрү тууралуу ыкчам маалымат алып туруу үчүн "Менин шаарым" мобилдик тиркемесин жүктөп алуу сунушталат",-деп айтылат маалыматта.