Бишкек, 26.06.26. /Кабар/. Бишкек шаарынын бир катар аймактарында 29-июндан 2-июлга чейин жаратылыш газын берүү убактылуу токтотулат. Бул тууралуу "Бишкекгаз" кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, газ берүү төмөнкү даректерде өчүрүлөт:
- Кызыл-Аскер району: Сары-Челек, Ала-Арча, Кыргыз, Логвиненко, Курманалиев, Жашыл, Жаңы, Колхоз жана Заводской көчөлөрү, ошондой эле айланма жолдун тегерегиндеги аймактар;
- Элебесов көчөсү боюнча: Коллективдүү, Аул жана Новосельская көчөлөрү.
Кызмат көрсөтүүчү ишкана келтирилген ыңгайсыздыктар үчүн шаар тургундарынан кечирим сурайт.