Бишкектин айрым аймактарында 3 күн газ өчөт

Коом 22 июнь 2026 16:25
Бишкектин айрым аймактарында 3 күн газ өчөт

Бишкек, 22.06.26. /Кабар/. Бишкектин айрым аймактарында 3 күн газ өчөт.

"Бишкекгаз" кызматынан билдиришкендей, жер астындагы төмөнкү басымдагы газ өткөргүчүн оңдоо иштерине байланыштуу 24-26-июнь күндөрү төмөнкү көчөлөр менен чектеш аймакта жаратылыш газын берүү убактылуу токтотулат:

  • Лущихин көчөсү, Алыкулов көчөсү, Өмүракунов көчөсү, Күн көчөсү.

"Бишкекгаз" түзүлгөн ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайт жана абоненттерге жаратылыш газы өчүрүлгөн мезгилде энергиянын алтернативдүү булактарын колдонууну сунуштайт.