Бишкектин айрым аймагында 26-июнда суу өчүрүлөт

Коом 25 июнь 2026 15:15
Бишкектин айрым аймагында 26-июнда суу өчүрүлөт

Бишкек, 25.06.26. /Кабар/. Бишкектин айрым аймактарында 26-июнда ичүүчү суу убактылуу өчүрүлөт. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 26-июнда саат 09:00дөн 21:00гө чейин турак жайларда, мектептерде, бала бакчаларда, саламаттык сактоо мекемелеринде жана башка социалдык-өнөр жай объектилеринде суу берүү токтотулат.

Суу өчүрүлө турган аймактар: Коперник көчөсү – Поваринская көчөсү – Тыналиев көчөсү – Ахунбаев көчөсү – Садырбаев көчөсү.

Маалыматта белгиленгендей, убактылуу чектөө Коперник көчөсүндөгү диаметри 200 мм болгон суу түтүгүндө авариялык-калыбына келтирүү иштерин жүргүзүүгө байланыштуу киргизилүүдө.