Бишкектиктер Ташкенттеги коомдук транспортто "Тулпар" картасын колдоно алышат

Коом Загрузка... 29 Декабрь 2025 17:50
lf_picbig.2e16d0ba.format-webp.fill-1668x1014.webp
copyright icon WWW

Чолпон Жумалиева

Бардык материалдар

Бишкек, 29.12.25. /Кабар/. Учурда "Тулпар" системасы Ташкент шаарындагы өнөктөштөр менен интеграция этабында турат. Бул тууралуу "Кабар" агенттигиндеги маалымат жыйынында "Тулпар" долбоорунун операциялык ишмердүүлүк боюнча директору Бекжан Акматбеков билдирди.

Белгилегендей, келерки жылы интеграциялык иштер жыйынтыкталып, андан кийин Бишкектин тургундары Ташкенттин коомдук транспортунда жол акысын "Тулпар" аркылуу төлөй алышат. Ал эми Ташкенттен келген конокторго Бишкектин коомдук транспортунда бул төлөм системасы аркылуу жол акысын төлөө мүмкүнчүлүгү жаралат.

"Мындан тышкары, Кыргызстандын башка шаарлары менен коомдук транспортко "Тулпар" системасын киргизүү боюнча сүйлөшүүлөр жүрүп жатат. Эгер сүйлөшүүлөр натыйжалуу болсо, кийинки жылы Балыкчы, Нарын шаарларында, ошондой эле Чүй облусунун бир катар шаарларында, тактап айтканда Кара-Балтада долбоорду ишке ашыруу башталат”, - деди Акматбеков.