Бишкек, 04.03.26. /Кабар/. Бишкек шаарында унаа токтотуучу жайларды иретке келтирүү жана жол тыгындарын азайтуу максатында жаңы пилоттук долбоор ишке киргизилүүдө. Бул тууралуу муниципалитеттен билдиришти.
Тиешелүү жарлыктын долбоору учурда коомдук талкууга коюлду. Жаңы демилгеге ылайык, жеке турак үй ээлерине өз участокторунда расмий түрдө акы төлөнүүчү унаа токтотуучу жайларын уюштурууга уруксат берилет. Эгерде жер тилкеси жеке турак жай куруу үчүн арналган болсо, үй ээси короосунда унаа токтотуу кызматын мыйзамдуу түрдө көрсөтө алат.
Долбоордун шарттары:
- Жердин аянтына жана санитардык нормаларга жараша 2 унаадан баштап, 10 жана андан көп орунга чейин жайгаштырууга болот.
- Пилоттук долбоордун катышуучулары үчүн каттоо процесси жөнөкөйлөтүлүп, атайын жеңилдетилген шарттар каралат.
Эмне үчүн зарыл?
Бүгүнкү күндө Бишкек шаарында 468 миңге жакын унаа катталган. Ал эми сырттан келген транспортту кошкондо, күн сайын борбор калаанын жолдорунда 700 миңге чейин унаа жүрөт. Мындай ашыкча жүк унаалардын жол жээктерине, тротуарларга жана жашыл аянттарга башаламан токтотулушуна, натыйжада чоң тыгындарга алып келүүдө.
Мэрия бул кадам жол жээгиндеги башаламандыкты азайтып, коомдук транспорттун жана тез жардам кызматтарынын кыймылын жакшыртууга өбөлгө түзөт деп ишенет. Пилоттук режим 2027-жылдын 1-февралына чейин уланат. Анын жыйынтыгы менен бул тажрыйбаны туруктуу негизде борбор калаага киргизүү боюнча чечим кабыл алынмакчы.