Бишкек, 12.01.26. /Кабар/. Бишкек шаарынын тургуну Адылбек Журабаев бүгүн Мамлекеттик ипотекалык компания (МИК) аркылуу 24 кабаттуу үйдөн бир бөлмөлүү батир алды.
Анын айтымында, жаңы батирде ыңгайлуу жашоо үчүн зарыл болгон бардык шарттар түзүлгөн.
"Батир абдан жылуу. Жада калса эшик-терезелерди ачып жатабыз. Бардыгы сапаттуу жасалыптыр, суунун басымы жакшы, шарттары чындыгында сонун. 2022-жылы мен МИК аркылуу батир алуу үчүн кезекке тургам, андан кийин чынын айтсам, унутуп да калыптырмын. 2025-жылы мага телефон чалып, ноябрь айында менин кезегим келгенин айтышты. Мен абдан сүйүнүп, акыры өз үйүмө ээ болдум", - деди Журабаев.
Батир алуу Бишкектин тургуну үчүн маанилүү окуя жана мамлекеттик ипотекалык программага катышуунун көптөн күткөн натыйжасы болду.
Эске салсак, бүгүн президент Садыр Жапаров Бишкек шаарындагы "Мурас" турак жай комплексинде ипотекалык батирлердин ачкычын тапшырды.
Долбоордо жалпы 4 миң 754 батирден турган 39 блоктон түзүлгөн турак жай комплексин куруу каралган.