Бишкек, 10.11.25. /Кабар/. Бишкек шаарынын тургуну адамкерчиликтүү мүнөзүн көрсөтүп, көчөдөн документтери жана ири суммадагы акчасы бар капчыкты таап, аны ээсине кайтарып берди.
Жоголгон буюмдун ээси "Кабар" агенттигине билдиргендей, 5 кыздын атасы 45 жаштагы бишкектик жаран аны издеп таап, капчыгын ичиндеги бардык буюмдары менен кайтарып берген.
"Акчам кайтарылып беришине ишенген да жокмун. Паспортту балким кайтарып беришмек, бирок, ири суммадагы акчаны кайтарышмак беле, билбейм.
Мен бул жаранга абдан ыраазымын. Ал чындап эле чынчыл жана адамкерчиликтүүлүгүн көрсөттү. Мындай адамдар азыр өтө аз.
Тилекке каршы, ал өзүн сүрөткө тартуудан жана аты-жөнүн айтуудан баш тартты, "өзгөчө эч нерсе кылган жокмун, жөн гана ар бир татыктуу адамдай иш кылдым" деп айтты", – деп бөлүштү капчыктын ээси.