Бишкекти жана Чүй облусун газдаштыруу үчүн 8,47 млн сом насыя берилди

Коом 16 октябрь 2025 17:40
Бишкекти жана Чүй облусун газдаштыруу үчүн 8,47 млн сом насыя берилди

Бишкек, 16.10.25. /Кабар/. Бишкек шаарын жана Чүй облусун газдаштыруу долбоорунун алкагында 66 субъекке 8,47 млн сом суммасында жеңилдетилген насыя берилди. Бул тууралуу Финансы министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, мамлекеттик колдоо көрсөтүү максатында 28-апрелде министрлер кабинетинин Бишкек шаарын жана Чүй облусун газдаштыруу боюнча жеңилдетилген каржылоо-3 долбоору бекитилген.

Аталган долбоорду ишке ашырууга “Айыл Банк” жана “Элдик Банк” ачык акционердик коомдору катышкан. Аларды кредиттөөнүн көлөмү 200 млн сомду түзөт.