Бишкек, 22.01.26. /Кабар/. Эмгеги бааланып “Жылдын мыкты мугалими” аталган Элзат Асанова борбор калаадан батирлүү болуп, кыялына жеткен кубанычын “Кабар” маалымат агенттигине бөлүштү.
Ал мыкты мугалимдикти алганда бир кубанса, үйдү алгандан кийин эки эсе кубанып турганын жашырган жок.
“Азыркы учурда мугалимдерге жакшы көңүл бурулуп, көптөгөн сынактар уюштурулуп жатат. Сертификат алганда бир кубансам, азыр үйгө киргенден кийин эки эсе кубанып турган кезим. Батир жакты. Бишкектен үйлүү болуу биздин көптөн күткөн кыялыбыз эле. Улуу кызым 9-класста окуйт, өзүм 5 баланын апасы болом. Бүгүн ошол кыялым орундалып турган кезим. Көзүм кызарганча күнү-түнү иштеген эмгегимдин акыбети кайтты десем болот. Көрсө эмгек жерде калбай, бааланат экен деген сезим келди”,- деди ал Асанова.
Мугалим ишинде ийгилик жаратыш үчүн күнүгө окуп, изденип керемет Кыргызстанды кура турган мыкты уул-кыздарды тарбиялашы керектигин белгиледи.
“Эмгектениш керек, мына азыр эмгегимдин үзүрүн көрүп турам. Эч нерсе тоскоол, шылтоо болбошу керек. Беш баланын энеси, үйдө түйшүгү көп кичүү келин болуп айылда жашап деле ийгиликке жетишсе болот экен. Өз ишиңерди сүйүп, берилип иштегиле деп айткым келет”,- дейт ал.
Эскерте кетсек, Ысык-Көл облусунун Түп районундагы К. Үмүталиев атындагы №22 Долон жалпы билим берүү мектебинин кыргыз тили жана адабияты мугалими Элзат Асанова өткөн жылы “Жылдын мыкты мугалими” сынагына катышып, райондук жана облустук деңгээлде биринчи орунду ээлеп, жыйынтыгында республикалык турда 100дөн ашык мугалимдин ичинен баш байгени жеңип алган. Ага 2025-жылдын 4-октябрында министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев Бишкек шаарынан бир бөлмөлүү батирге сертификат тапшырган.